БШК бүгүн парламенттик шайлоонун натыйжасы боюнча 15-октябрда кабыл алган токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин карайт
Бүгүн, 27-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун натыйжасы боюнча 15-октябрда кабыл алган №173-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин карайт. Ага ылайык, БШК Жогорку Соттун чечиминин негизинде “Республика - Ата Журт” партиясынын тизмесинен чыгарылган 6 талапкерди, "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан 1 талапкерди кайра тизмеге киргизиши мүмкүн.
Жогорку Сот 22-23-октябрдагы соттук процесстердин жүрүшүндө “Республика - Ата Журттун” тизмесинен депутаттыкка талапкерлер Аида Исмаилова, Закир Шарапов, Алиярбек Абжалиев, Жыргалбек Саматов, Курманкул Зулушев жана Рада Туманбаеванын жана "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын талапкери Н.Айдаровдун арызын канааттандырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2026-02-24
15:55
2026-02-24
15:08
2026-02-24
14:30
2026-02-24
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















