Эстакадалык көпүрө 500 тонна жүктү көтөрүп, сыноодон ийгиликтүү өттү



Бүгүн, 27-октябрда Ош шаарында жаңыдан курулган эстакадалык көпүрө сыноодон өттү. Ош мэриясынан билдиришкендей, жалпы 20га чукул жүк ташуучу унаа үстүнө таш-кум жүктөп алып жарым саатка чукул көпүрө үстүндө турду. Андагы жалпы жүк 500 тонна болду. Ал эми Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев буга чейин журналисттерге берген убадасын аткарып, көпүрөнүн астына түшүп турду.
Бул көпүрөнүн жалпы узундугу 265 метр болсо, туурасы 24 метр. Көпүрөнү расмий ачуу салтанаты эртең президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда өтмөкчү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
2

Жеке айтышууларга тыюу салынат.
Талкуудан алыс, кимдир бирөөлөрдү мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
ушул мостда шаардын коркуно корк кошот буйурса
туура айтас ушунчалыгына шугур деген адам ааааз(((
Анчалык эле жакпаса отпой койгула копуродон айланып откуло бугун жамандап эртен устундо суротко тушуп жургон болосунар уялбай
Кимдир бирөөлөрдү кемсинтип, мазактоого, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга, жеке айтышууларга тыюу салынат.
Ачууга алдырып порталдын эрежелерине туура келбеген билдирүүлөрдү жазуудан алыс болуңуз.