super.kg logo
  Саясат  

Адахан Мадумаров: "Жогорку Соттун чечимине макул эмесмин, эми Конституциялык палатага кайрылабыз"

 

"Бүтүн Кыргызстан - Эмгек" партиясы Жогорку Соттун чечимин карап чыгуу өтүнүчү менен Конституциялык палатага кайрылат. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда маалымат жыйынында аталган партиянын тең төрагасы Адахан Мадумаров билдирди. Анын айтымында, парламенттик шайлоодо жарандардын укуктарынын бузулушу жана миңдеген шайлоочулардын добушунун саналбай калышы ушуга түрткү болууда. 

"Шайлоодо добуштардын туура эмес саналганы боюнча онго жакын далил бар. Алардын бири тууралуу видео социалдык тармактарда жарыяланган. Видеодо бир шайлоо участкасында бир адам отуруп алып 500 бюллетенди биринин аркасынан экинчисин киргизип жатканын көрүүгө болот. Аны баарыбыз көрдүк. Үч шайлоо участкасы боюнча протоколдор менен Борбордук шайлоо комиссиясы берген маалыматтардын айырмасы чоң болууда",- деди Мадумаров. 

Эскерте кетсек, бир катар шайлоо участкаларында добуштарды кайра санатуу боюнча партиянын арызын Жогорку Сот 27-октябрда канааттандырган эмес. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: