super.kg logo

Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуунун алкагында мектеп окуучулары милиция кызматкерлеринин иши менен таанышышты

 

Бүгүн, 28-октябрда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуунун алкагында, жашы жете электердин укуктук маданиятын тарбиялоо максатында жана кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 91 жылдыгына карата мектеп окуучулары Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгында болушуп, милиция кызматкерлеринин иши менен таанышышты.

Бишкек ШИИББинин башчысынын орун басары Аскат Султаналиев: "Милиция кызматкерлери кантип жана кандай шартта иштешерин көрсөтүү үчүн бүгүн силер үчүн эшигибизди ачып отурабыз. Ошондой эле кызыктуу программа даярдадык",- деди.

Борбор калаадагы мектептерде билим алган балдар милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттукташып, курман болгон кызматкерлерди да эскеришти. Ошондой эле ИИМ алдындагы атайын багыттагы жоокерлер колдонуучу каражаттар, куралдар көрсөтүлдү. Окуучулар Курманбай Толканчинов атындагы Бишкек ШИИББинин музейинде болушуп, эрдик көрсөткөн милиция кызматкерлери тууралуу маалымат ала алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: