super.kg logo
  Саясат  

Чүй облусунун райондук сотторунун судьялары ант беришти

 

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Сотто Чүй облусунун Жайыл, Москва, Аламүдүн, Кемин райондук сотторунун жаңы шайланган судьялары Жогорку Соттун судьяларынын катышуусунда ант беришти. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти. 

Жайыл райондук сотуна дайындалган судьялар:

Асанова Чолпон Карыпбековна;

Бөкөмбаев Аман Мамыркожоевич;

Жандралиева Надира Жекшеновна;

Турсунбеков Таалайбек Турсунбекович.

Москва райондук сотуна дайындалган судьялар:

Алымбекова Бактыгүл Турсуновна;

Маматкеримов Урмат Таалайбекович;

Марлес Феликс;

Сагынбекова Дамира Эсенбековна.

Кемин райондук сотуна дайындалган судьялар:

Агышаева Наргиза Токтоболотовна;

Жунушалиева Индира Акимжановна;

Эшалиев Нурманбет Касымбекович.

Аламүдүн райондук сотуна дайындалган судья:

Аттокуров Жолдошбек Абдрахманович.

Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева жаңы шайланган кесиптештерин чын жүрөктөн куттуктап, мыйзамдын чегинде гана иш алып барууларын өтүндү: "Өлкөбүзгө мыйзамдын үстөмдүгүн орнотууда ар бириңиздердин салымыңыздар зарыл. Сиздердин кесипкөйлүк менен аткарган ишиңиздерден жалпы коомдун адилеттүүлүккө, сот тутумуна болгон ишеними артылат".

Жаңы шайланган Чүй облусунун Жайыл, Москва, Аламүдүн, Кемин райондук сотторунун судьялары биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: