super.kg logo
  Спорт  

"Абдыш-Атанын" футболчулары экинчи ирет катары менен "Дордойду" утуп алышты, эсеп 2:0

 

"Дордой" - "Абдыш-Ата" - 0:2

Голдор: Евгений Малинин (32-мүнөттө), Бектур Талгат уулу (37-мүнөттө).

Бүгүн, 28-октябрда Бишкекте ТОП-Лиганын (өлкө чемпиондугу) кезектеги турунда бишкектик "Дордой" канттык "Абдыш-Атаны" кабыл алды. Беттеш 2:0 эсебинде канттыктардын пайдасына чечилди. Эки гол тең 1-таймда кирди. Бул күнү жеңиш кайсы командага көбүрөөк керек экенин "Абдыш-Атанын" оюнунан байкаса болот, себеби команда дагы да болсо 3-орун үчүн күрөшүүдө. 

Апта ичинде башкы машыктыруучусу Завиша Милосавльевич менен коштошкон "Дордойдун" курамында көп өзгөрүү болгон эмес. Болгону, чабуулчу Алмаз Мирзалиев да, Азиз Келдияров дагы башкы курамга чыккан жок. Алардын ордуна чабуулда Динмухаммед Таалайбек уулу ойноп, 2-таймда алмаштырылды. Оюн кызуу башталып, эки команда алмак-салмак чабуул уюштуруп жатышты. Эсеп ачылганга чейин "Дордойдо" да, "Абдыш-Атада" да гол жаратуу мүмкүнчүлүгү болду, бирок командалар мүмкүнчүлүктү бошко кетиришти. 

Оюндун 89-мүнөтүндө орой ойногондугу үчүн "Дордойдун" жарым коргоочусу Ислам Шамшиев кызыл айып кагазын алды.  

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
28.10.2015. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммм...дааа....
28.10.2015. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Байматовдун жоктугу билинип ататко э дордойго.
28.10.2015. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
1 орунду Алай 2 3 орунду кайсыл команда алды билгендер айтып койгулачы
30.10.2015. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ArgenMers,мелдеш жадыбалы ушундай суроолор туулбасын деген кыязда берилип жатат. Мелдеш жадыбалына көз салып коюңуз...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: