Бишкекте 20 жаштагы жигит “52 жаштагы аялды тоноп кетти” деп шектелүүдө

Бишкекте “52 жаштагы аялды тоноп кетти” деп шектелип 20 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 28-октябрда милицияга улгайган аял арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 10-октябрь күнү саат 22:30 чамасында борбор калаанын Гагарин менен Репин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адам күч колдонуу менен анын уюлдук телефонун, акчасын жана паспортун уурдап кеткен.
Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары жумушсуз 20 жаштагы жаран кармалган. Бул факты боюнча "тоноо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
akzuura

29.10.2015. 10:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апаңдай болгон аялды уялбай тоногончо,бешене териң менен иштеп акча таппайсыңбы акмак!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.