super.kg logo

Кубаныч Рыспаев деген жаран "13 жалган фирма ачып, көп жыл салык төлөбөй иштеген" деп айыпталууда

 

Бишкекте Кубанычбек Рыспаев аттуу жаран "1998-2012-жылдары 13 жалган фирма ачып, салык төлөбөй мыйзамсыз иштеген жана бюджетке ири зыян келтирген" деп айыпталууда. Мамлекеттик салык кызматынын билдиришинче, 13 ишкананын мамлекетке келтирген зыяны болжолдуу 400 миллион сом. Ишканалар салык мыйзамдарын одоно бузуу менен көп жылдар бою иштеп, ээси мыйзамсыз киреше алып турганы айтылды.

"Рыспаев өзүнүн юридикалык жактары аркылуу узак мезгилдер бою тийиштүү салыктарды төлөбөй туруп кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча эсеп-фактураларынын бланкаларын жазып берүүнү жана ушул КНС боюнча эсеп-фактураларынын сатып алуучулар деп аталгандар тарабынан сатылып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСти укуксуз чегерүү мүмкүнчүлүгүн бербестен ишке ашырып келген.

Азыркы учурда Салык кызматы Рыспаевдин фирмасы менен кандайдыр бир байланышы бар, жеткирүүлөрдү ишке ашырышкан же товарларды сатып алышкан башка юридикалык жактарды, жеке ишкерлерди текшерип жатат",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.10.2015. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылмыш иш кырк жылда билинет деген ушу да, адал менен акча таап уй--болосун бакса кандай жакшы болоор эле. Орус элинде айтылгандай тихо едешь, дальше будешь демекчи.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: