super.kg logo

№50-СИЗОнун башчысы кызматынан четтетилген Имаш Телтаев тийиштүү жазасын алат. Башка кызматкерлер жетекчи кызматтарына дайындалышты

 

№50-СИЗОнун башчысы кызматынан четтетилген Имаш Телтаев тергөөнүн жыйынтыгына жараша тийиштүү жазасын алат. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда SUPER.KG порталына Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ички кызматтын полковниги, №3-абактын жетекчиси Жеңиш Сакелов Жаза аткаруу инспекциясынын жетекчисинин жардамчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. "Баатыр Калыгулов Жаза аткаруу инспекциясынын жетекчисинин орун басары кызматынан бошотулуп, №2-аялдар абагынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. №50-СИЗОнун жетекчисинен башкасынын кылмышкерлердин качуусуна эч тиешеси жок",- деп билдиришти ЖАМКтан.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын 21-октябрында ЖАМКтын башчысы Алик Мамыркуловдун буйругу менен "Коом үчүн коркунучтуу кылмышкерлердин түрмөдөн качуусуна жеткирген олуттуу каталарды кетиргени үчүн" деп №50-СИЗОнун бир топ жетекчилери ээлеген кызматтарынан бошотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.10.2015. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анда неге жумуштарынан алынды деп жарыялап жатышты эле?
29.10.2015. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Деги Кыргызстанда канча турмо бар?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: