super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев көпчүлүк коалицияны түзүү укугун КСДП фракциясына берди

 

Бүгүн, 29-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековду кабыл алып, ага башкаруучу коалицияны түзүү укугун тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы КСДПга жана башка фракцияларга жаңы коалицияны түзүүдө бийликтин бардык бутактарынын алдында 2013-2017-жылдардагы Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияны ишке ашыруу маселеси турганын эске алууну сунуштады.

Аны менен катар өлкөнүн каржылык жана экономикалык жактан көз карандысыздыгына жетишүү, жарандардын жашоо-турмушун жакшыртуу, мамлекеттүүлүктү бекемдөө, мамлекеттик башкаруудагы негативдүү көрүнүштөрдү жоюу, соттук реформа жүргүзүү жана терроризм менен экстремизмге каршы күрөштү күчөтүү керектигин баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: