"Бишкексвет" жарык берүүчү чырактар эмне себептен күндүз күйгүзүлгөнү тууралуу "ЭЛДИК КАБАРга" жооп берди

"Борбор калаадагы көчөлөрдө жарык берүүчү чырактарды оңдоо иштерине байланыштуу алар күндүз күйгүзүлүүдө. Коопсуздук эрежелери боюнча, оңдоо иштерин күндүз гана кылуу керек. Иштебеген чырактарды аныкташ үчүн аларды күйгүзүү зарыл",- деп жазылат "Бишкексвет" ишканасынын маалыматында.
Эскерте кетсек, 27-октябрда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу Абдрахманов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде 10дон ашуун жарык берүүчү чырак күндүз да күйгүзүлгөнүнө нааразычылыгын билдирген. Анын айтымында, аталган чырактар саат 14:30 чамасында күйүп турган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

анан дагы суперге кабар беруучулор шаарлардын тазалыгына кобуроок конул бурушса жакшы болмок таштанды коп ташталган жерлерди тартып кабарлап койсо шаарлардын тазалыгынада конул бурула баштар беле себеби тазалык болсо шаарда кооз корунот шаар тургундарына жагымдууда болотбеле деген эле ой