super.kg logo
  Спорт  

Өлкө чемпиону "Алай" футболдук клубунун сезондогу акыркы оюнуна билет 50 сомдон сатылат

 

Футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганы уткан "Алай" футболдук клубу 31-октябрда сезондогу акыркы беттешин өткөрөт. Бул күнү клуб Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо бишкектик "Алга" клубун кабыл алат. Бул беттешке карата клуб билеттерди сатканы турат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына клубдун кызматкери Айбек Татанов билдирди.

"Биз билет сатууну "Алай" АФКнын Кубогуна чыкканда баштаганбыз. Өлкө чемпиондугунда болсо клубдун "Дордой", "Абдыш-Ата" жана "Алга" клубдарына каршы беттештерине көп билеттер сатылат. Ал эми "Ала-Тоо" жана "Кейжи Юнайтед" клубдарына каршы оюндарга аз сандагы билеттер сатыкка чыгат",- дейт А.Татанов.

Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасы боюнча бир гана "Алайдын" оюнуна күйөрмандар туруктуу келет. Ошол себептүү өлкө биринчилигинде жалгыз гана аталган клуб билеттерди сата алат. Бишкектеги оюндарда стадионго кирүү акысыз болсо да, стадион толо элди чанда көрүүгө болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
29.10.2015. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бишкекте кайсы стадионго Дордойдукуна бы аны Советский кочосунон корсо болот ))бизде чемпионат анча онуккон эмес да ички чемпионата стадиондорубуз жок реклама почти жок Биринчи стадиондорду куруп анан элди чакырыш керек командалар баягы эле 6 то казак тажиктердики оло онуккон эххххх оштук туугандар азамтсыздар оло колдоп келет командасын
29.10.2015. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оюнчуларыбызга ийгилик.Эгерде Алай биринчини алса Азия чемпиондугунда ойной алышабы?Билгендер жазып койсонуздар.
29.10.2015. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nuranna_93_kg,ооба кубок афкага ойнойт
30.10.2015. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок бизде реклама жарыя деген тушунук футбол федерациясында такыр жок. Кээде Ошто туруп Оштогу откон футболду билбей каласын себеби туруктуу календарь да тузушпойт, жок дегенде КФФ иштегендерден биро ушул Супер инфого Элдик кабарга жарыялап турса жакшы болмок арзаан эле го
30.10.2015. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bakaiBBBB,акча жок да!жарыя кылганга радио тв гезит акчааа аааа деп турушат!!!бизде колдоо жок чынында.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: