super.kg logo

Кара-Буура райондук социалдык фондунун башкармалыгынын башкы эсепчисине жана башка кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

 

Башкы прокуратура тарабынан пенсия үчүн каралган акча каражаттардын максаттуу пайдаланышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында Талас облусунун Кара-Буура райондук социалдык фондунун башкармалыгынын башкы эсепчиси жана башка кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 30-октябрда Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталгандай, 2008-жылдын 20-августунан тартып 2015-жылдын 30-сентябрына чейин Социалдык фонддун Кара-Буура райондук башкармалыгынын башкы эсепчиси жана башка кызмат адамдары КРнын “Мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамынын талаптарын бузуп, пенсионерлер үчүн төлөнүүчү пенсия жана жөлөк пул акча каражаттарын өздөрүнө байма-бай ыйгарып алып турушкан. Мындай укук бузуулар аталган райондун Социалдык фондунун кассасына кириштелбестен, “чарбалык жана башка чыгымдар үчүн” делип, банктардан Социалдык фонддун транзиттик эсебинен чектик китепче аркылуу алынып келген.

Аталган кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 5 миллион сомдон ашык өлчөмдө зыян келтирилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: