super.kg logo

Сиам эгиздеринин бири Зитанын каза болгонуна байланыштуу анын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлдү

 
Зита (солдо) жана Гитанын быйыл түшкөн сүрөтү

Зита Резаханованын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Маалым болгондой, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-октябрда Зитанын каза болгонуна байланыштуу анын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 100 000 сом бөлүү боюнча буйрукка кол койду.

Сиам эгиздеринин бири Зита 29-октябрда каза болгон. Эскерте кетсек, Бишкектеги Улуттук госпиталда көптөн бери дарыланып жаткан сиам эгиздеринин бири Зита жакында үйүнө чыгарылган эле. Анын үй-бүлөсү кыздын абалынын жакшырышына туулган айылы, киндик каны тамган жер жардам берет деген чечимге келишкен. 19-сентябрда Улуттук госпиталдын медицина кызматкерлери кызды үйүнө жеткирип, кеп-кеңеш беришкен болчу.

Сиам эгиздери Зита менен Гита 1991-жылы 19-октябрда төрөлүшкөн жана Сокулук районундагы Западное айылында жашашат. 2003-жылдын 26-мартында Москвада операция жасалып, эгиздер ийгиликтүү ажыратылган. 2013-жылдан кийин Зитанын абалы начарлай баштаган.

Гитанын ден соолугунун абалы туруктуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
30.10.2015. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаткан жери жайлуу болсун Зитанын, пусть говоряттан коруп бул кыздарды аябай боорум ооруган болчу. Гитага узун омур ден соолук берсин эми кудайым
30.10.2015. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жери жайлуу болсун. Жакындарына конул айтам. Гитага узун омур берсин кудайым
30.10.2015. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakrkan jeri jailuu bolsun
31.10.2015. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечээ Россия 1 каналынан Прямой эфир беруусунон кордум. Зитанын акыркы создору апасына арналыптыр. Залда отурган адамдардын баардыгын ыйлатты. Энени баладан ажыратпасын кудайым! Жаткан жери жайлуу болсун!
02.11.2015. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э ААллаа бул да сынак, жанаттан орун алсын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: