super.kg logo

Жылнаама, 2-ноябрь: Мындан 50 жыл мурун индиялык актёр, продюсер Шахрух Хан туулган

 

* Мындан 50 жыл мурун, 1965-жылы куудул, обончу жана аткаруучу Кубик Калыков Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Чоң-Курулуш айылында туулган. 1980-жылы туулуп-өскөн айылындагы Горький атындагы орто мектепте 9-классты аяктап, Жалал-Абаддагы Маданият техникумуна тапшырган. Окуусун ийгиликтүү аяктаган соң Москвада аксердик кызматын өтөгөн. Ал эми 2010-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун сырттан окуу бөлүмүн аяктаган. Кубик Калыковдун 100дөн ашык обондуу ырлары, 30-40тай сатиралары бар.

* Мындан 2084 жыл мурун, б.з.ч. 69-жылы Египеттин акыркы ханышасы Клеопатра VII туулган. Ал Птолемей XIIнин кызы жана эллинистикалык Египеттин акыркы ханышасы болгон. Тарыхта Клеопатра мүнөзү абдан катаал, 7 тилде эркин сүйлөгөн Египеттин билимдүү аялдарынын бири катары калган. Ал өз өмүрүн Александрияда өткөргөн. Анын туугандары Египетти үч кылымдан ашык убакыт башкарышкан.

* Мындан 120 жыл мурун, 1895-жылы Александр Пушкинди дуэлде атып өлтүргөн Жорж Дантес 83 жашында каза болгон.
Жорж Дантес - франциялык монархист, 1830-жылдары Орусияда жашаган. Саясат менен алектенип, Францияда сенатор болгон. Ал тарыхта орустун улуу акыны Александр Сергеевич Пушкинди дуэлде жарадар кылганы менен калган. Ал дуэлден кийин Пушкин каза болгон.

* Мындан 50 жыл мурун, 1965-жылы индиялык актёр, продюсер Шахрух Хан Индиянын Нью-Дели шаарында төрөлгөн. Шахрух Нью-Делидеги лицейде окуп, аны бүт­көн­дөн кийин Дели шаарындагы университеттин алдында ачылган колледжге тапшырган. Андан кийин магистратураны бүтүрөт.
Колледжде болочок актёр англис тилин чоң кызыгуу менен окуган. Актёрдук карьерасын дал ошол колледжде окуп жүр­гөндө баштаган. Алгач Шахрух сериалдарга тартылып, 1991-жылы "Идиот" деген киного тартылгандан кийин таанылган. Ошол эле жылы "Ча­ры колдовские", "Мечты джентльмена" аттуу тасмаларда роль жаратууга жетишкен. Өз­гөчө анын "Наступит ли завтра или нет?" деген киносу Индияда гана эмес, башка мамлекеттерде да белгилүү болгон.
Шахрух "Мыкты актёр", "Мыкты роль", "Кино жылдыз", "Индиянын мыкты атуулу" сыяктуу наамдардын бир нече жолку ээси.

2-ноябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(5)
01.11.2015. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы актёр. Бут тасмалары жагат. Картайганы билинбейт экен.
01.11.2015. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шахрух Хан мыкты актёр.
01.11.2015. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шахрух Хандын Дон деген киносу аябай жагат сонун кино
01.11.2015. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шахрухту суйом да суйом...эсимди тааныгандан бери жакшы кором ушул актёрду. Кубик менен тен экен да...
02.11.2015. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кут болсун туулган күнүңөр Кубик жана Шахх аке
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: