Үч эм төрөгөн майып эне бүгүн медициналык борбордон чыгарылат
Чүй облустук төрөт үйүндө үч эм төрөгөн майып эне Жылдыз Казиева бүгүн, 2-ноябрда саат 13:00дө Бала жана энени коргоо улуттук борборунан чыгарылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады.
Эске салсак, 9-октябрда Чүй облустук төрөт үйүндө 28 жаштагы Жылдыз Казиева үч эм төрөгөн. Ал вице-премьер-министр Д.Ниязалиева менен жолугушуу учурунда жашоо-турмушу жөнүндө айтып, өкмөттөн жардам сураган эле. Жолдошунун туруктуу жумушу жоктугун, батирди ижарага алып турушарын айткан эне Токмок шаарынан үй берүүнү суранган. Президент Алмазбек Атамбаев үч эмди жарыкка алып келген тубаса майып энеге үй сатып алуу үчүн 1 200 000 сом бөлгөн. Ж.Казиеванын үч эмден сырткары дагы 2,5 жаштагы майып баласы бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Apyyke

02.11.2015. 20:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыма бирге болсун эне менен балдары. Ден соолук а болушуп эч оорушбасын. Балдары ыиыс кешиктее болуп чоноюшсун. Энеси жолок таяк болушсун.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.