Түркияда жол кырсыгына кабылган Арслан Кулов ооруканада эсине келбей жатып көз жумду

Жол кырсыгына кабылган Арслан Кулов (айрым маалыматтарда анын аты Арслан Асанкулов экени айтылууда) Түркиянын Анталия шаарындагы ооруканада 1-ноябрга караган түнү эсине келбей жатып көз жумду. Ал кырсык болгон күнү оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган эле. Ал эми аны менен бирге ооруканага түшкөн Бекбол Бактыбек уулунун сол колунун манжасы сынып, бетинен жаракат алган. Анын колуна гипс коюлуп, ооруканадан чыгарылган. Калган үч жаран: Дастан Бектенов, Бекзат Тилек уулу жана Нурбек Сүйүналиев кырсык болгон жерден “Тез жардам” кызматынан медициналык жардам алып, үйлөрүнө кайтышкан.
Алар Анадолу аймагындагы мейманканалардын биринин кызматкерлери болушкан. 26-октябрда алардын эмгек келишими аягына чыкмак.
Эске салсак, 24-октябрда Түркиянын Анадолу аймагынан Анталия шаарына бара жаткан автобус Кумлужа-Кемер унаа жолунда жол кырсыгына кабылып, 12 адам жаракат алган. Алардын бешөөсү Кыргыз Республикасынын жарандары болгон.







1 |