Кыргыз жеринде газ 17 тыйынга кымбаттады, ноябрда абоненттер 15 сом 77 тыйындан төлөшөт

Кыргыз мамлекетинде жаратылыш газы 17 тыйынга кымбаттады. Өлкөдөгү абоненттер ноябрь айында газдын метр кубуна 15 сом 77 тыйындан төлөшөт (мурунку айда 15 сом 60 тыйын болчу). Газдын кымбатташын "Газпром Кыргызстан" ишканасы доллардын курсунун жогорулашы менен байланыштырууда (1-ноябрга карата доллардын курсун 69 сом 69 тыйын деп алуу менен). Өндүрүш ишканалары, бюджеттик уюмдар жана коммерциялык мекемелер үчүн жаратылыш газынын баасы бул айга 19 сом 18 тыйын деп бекитилди. Өткөн айда жаратылыш газы 70 тыйынга кымбаттаган же 14 сом 90 тыйындан 15 сом 60 тыйынга көтөрүлгөн эле.
Белгилей кетсек, өкмөт газдын тарифи жылдын аягына чейин олуттуу өзгөрбөй турганын, бирок доллардын курсуна карата бир аз өзгөрүшү мүмкүн экенин билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

