Жогорку Кеңештин төрагалыгында Асылбек Жээнбеков калат, оппозицияда "Республика - Ата Журт" жана "Бир бол" фракциялары болушат

Бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйыны өттү. Фракциядагы өздүк булагыбыз билдиргендей, парламенттин төрагалыгына Асылбек Жээнбековдун талапкерлиги жактырылды. "Төраганын орун басарларынын саны кыскартылды. Буга чейин 5 вице-спикер болсо, эми төраганын 2 орун басары болот: бири - коалициялык көпчүлүктүн, экинчиси - парламенттик оппозициянын өкүлү.
Ошондой эле коалициялык көпчүлүк кайсы фракциялардан турары каралды. КСДП, "Ата Мекен", "Кыргызстан" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциялары коалициялык көпчүлүккө кирмекчи. Ал эми "Республика - Ата Журт" менен "Бир бол" оппозицияда калышат",- деди өздүк булагыбыз.
Мындан тышкары ал парламенттик комитеттердин санын 9дан 7ге чейин кыскартуу демилгеси жактырылганын баса белгиледи. "Бүгүн фракция лидерлери жолугушуп, үстүдөгү бардык чечимдерди бекитүүсү күтүлүүдө",- деди депутат.
Айта кетсек, өткөн аптада президент Алмазбек Атамбаев көпчүлүк коалицияны түзүү укугун КСДП фракциясына берген. Фракция лидери Чыныбай Турсунбеков коалицияны түзүү үчүн Жогорку Кеңештеги бардык фракциялар менен сүйлөшүүлөр болгонун билдирген эле.


