15 жашар кыргыз футболчусу Сыргаболот Орозбек уулу Түркиянын клубунда ойноо үчүн жөнөп кетти



КРнын Өспүрүмдөр курамасынын өкүлү Сыргаболот Орозбек уулу Түркиянын "Гүрпинар" футболдук клубунун академиясына кабыл алынды. Чабуулчу катары ойноп келген футболчу 31-октябрда Түркияга жөнөп кетти.
Маалым болгондой, Сыргаболот буга чейин аталган клубдун кароосунда болгон. Андан соң клуб өкүлдөрү атайын чакыруу жиберишкен. Оюнчуга 1 айдан кийин атайын лицензия ачылат.
Кошумчалай кетсек, С.Орозбек уулу 2000-жылы туулган. Ал 2013-жылга чейин "Токтогул" футболдук клубунда ойноп келсе, акыркы 2 жылда "Абдыш-Ата" клубунда ойноп келе жаткан. Ошондой эле 2015-жылы түзүлгөн өспүрүмдөр курамасына чакырылып, Бишкекте өткөн өспүрүмдөрдүн Азия чемпиондугунун тандоо турунда ойногон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(4)
Emu-Janyl

02.11.2015. 17:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамат!Ийгилик каалайбыз!
KYRGYZJERI

02.11.2015. 19:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээээ Баракелде, атагын алыска чыккан кыргыздын атын тааныткан мыкты жигит бол
Kanat198816

02.11.2015. 20:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эркек сендей болсун молодец иним
shailoo2015

03.11.2015. 18:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка оюнчулар бизге келет биздин оюнчулар башкажака барат Жашоо озунчо эле кызык
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.