Өткөн сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталды. Бишкекте селсаяк этиятсыздыктан улам көмөк чордондун электр кабелин өрттөп салды
Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, Бишкектеги Фрунзе жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги №889-көмөк чордондун электр кабели жана жанындагы таштанды күйгөн. Селсаяк отко этиятсыз мамиле кылганы үчүн өрт чыкканы аныкталды.
Мындан тышкары Ош шаарындагы Турсунбаев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде батирде 20 чарчы метр жыгач жана муздаткыч күйгөн. Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.