super.kg logo

Балыкчыдагы катуу шамалдан болжол менен 131 миң сомдук материалдык чыгым келтирилди (фото)

 

Балыкчы шаарында 2-ноябрда саат 03:50дөн баштап саат 16:15ке чейин ылдамдыгы секундасына 28 метрге жеткен катуу шамал катталган. Шамалдын кесепетинен 4 турак жайдын жана 5 социалдык имараттын чатырлары жабыркаган. Шаар боюнча турак жайларга жана социалдык объектилерге келтирилген болжолдуу материалдык чыгымдын жалпы суммасы 130 925 сом болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Келтирилген материалдык чыгымдар:

- 4 турак жайдан – 179 чарчы метр профнастил, 165 метр ичке тактайча (рейка), 2 даана шифер;

- Социалдык фонддун имаратынан – 20 даана шифер;

- Манас атындагы №1-орто мектептен – 23 даана шифер;

- Л.Толстой атындагы №1-гимназия-мектебинен – 30 даана шифер;

- С.Каралаев атындагы №6-орто мектебинен - 20 даана шифер, 20 метр ичке тактайча;

- Ысык-Көл индустриалдык педагогикалык колледжинен – 52 чарчы метр профнастил, 30 метр ичке тактайча жана 12 даана шифер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
03.11.2015. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин колледжим го)))))) Негизи Балыкчыда дайыма эле ушундай учурган шамал болчу))).
03.11.2015. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4 Мерчик уйдун 2 эле шифери учат даны, бир эле мамлекеттик мекеменин 20 шифери учуп кеткени кумон ой жаратып жатат мага. )))
03.11.2015. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
манас номер 1эмес
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: