super.kg logo

Рустам Осмоналиев: "Канаттуулар фабрикасын иштеткендер каатчылыкка кабылып, жабылышса, кайра бул тармакка инвестиция тартылбай калат"

 

Бүгүн, 3-ноябрдагы маалымат жыйынында ишкер Рустам Осмоналиев: "Канаттуулар фабрикасын иштеткендер каатчылыкка кабылып, жабылышса, кайра бул тармакка инвестиция тартылбай калат",- деп билдирди. Анын айтымында, азыркы тапта бул тармак банкрот болуу алдында жана чыгашага тушугуп жатат.

"Канаттуулар фабрикалары жабылып калса, 5 миңдей адам жумушсуз калышы мүмкүн. Маселен, ун комбинаттары кампада продукцияларын сактап, ишин убактылуу токтото алышса, биз канаттууларды карабай коё албайбыз. Казакстанда жана Орусиянын рыногунда ишкердиктин бул түрү приоритеттүү катары саналып, мамлекет тарабынан колдоого алынат. Биз кошумча нарк салыгынан жеңилдик берүүнү, санитардык-ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүнү суранабыз.

Аткезчилик менен жумуртка ташуу да болуп жатат. Алардын сапаты текшерилбегенин билдик. Казакстандагы фабрикаларда ири партия менен чыгарылат, бирок чек арага келгенде чакан партиялар менен өлкө аймагына киргизилип, алардын салыгы азайып калат.

Ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоого чакырабыз. Ысык-Көлдөгү канаттуулар комбинаты банкрот болду. Тез арада чара көрбөсө, бул тармаксыз калабыз. Кайра иштетүү кыйын. Аябай көп каражат керек болот. Бир жолу жабылсак, инвесторлор кайра келишпейт",- деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: