Бишкекте жаш режиссёрлор тарткан тасмалардын форуму өтөт
12-15-мартта Бишкектеги Кинематография департаментинде 2011-2013-жылдар аралыгында жаш режиссёрлор тарабынан тартылган мыкты тасмалардын форуму өтөт. Бул тууралуу "Кыргызфильм" студиясы билдирди. Айта кетсек, бул форумда калыстар тобу тарабынан тасмалардын мыктысы аныкталмакчы. Башкача айтканда, иш-чарада “Эң мыкты актёр", "Эң мыкты актриса”, “Эң мыкты толук метраждуу тасма”, “Эң мыкты кыска метраждуу тасма”, “Эң мыкты даректүү тасма”, “Эң мыкты оюн тасмасы” сыяктуу наамдардын ээлери белгилүү болот. "Эң мыкты тасма" наамына режиссёрлор Айгүл Баканова, Асел Чоткараева, Канат Өмүрбеков, Тынчтык Акималиев жана Эмил Атагелдиевдин көркөм тасмалары ат салышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.