Нурбек Касымбеков президенттин Конституциялык палатадагы өкүлү болуп дайындалды
Нурбек Касымбеков президенттин Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка бүгүн, 4-ноябрда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти.
Эскерте кетсек, Нурбек Касымбеков 2013-жылдын 11-февралынан 2014-жылдын 31-декабрына чейин президенттин алдындагы Жарандык маселелер боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп иштеген.
Андан кийин бешинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

