super.kg logo

Бишкекте “Ырдайлы кыргыз ырларын” аттуу фестиваль өттү

 

Бүгүн, 4-ноябрда Свердлов районуна караштуу “Ден соолуктун жана өнүгүүнүн мектеби” окуу-тарбия комплексинде “Ырдайлы кыргыз ырларын” аттуу фестиваль өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, фестиваль үч турдан туруп, анын жүрүшүндө 5-11-класстын окуучулары Ата Мекенге, кыргыз элине, кыргыз жерине, энеге, жаштарга арналган патриоттук ырларды аткарышты. Фестивалга Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, ИИМдин Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу башкы башкармалыгынын, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын, Свердлов райондук билим берүү башкармалыгынын жана ата-энелер комитетинин өкүлдөрү катышышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
04.11.2015. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүрөттөр сонун экен, көзгө жылуу учурайт, татынакай, жагымдуу, айрыкча кызыл жагоолор...
04.11.2015. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай кароо-фестивалдарды көп өткөрүш керек окшойт, анткени кыргыз тилибизди сыйлабай, орусча сүйлөгөндөр көп. Башкалар үйрөнүп жатса, өзүбүздүн жаштар кыргызча сүйлөгүлөрү келбейт. Деги азыркы жаштар патриоттук дегенди билеби? 20-кылымдын 20 жылдарынан кийин биздин канчалаган аталарыбыз, Кыргызстан өз алдынча республика болуш керек деп жанын үрөп, анын айынан реперессияланып, атылып кетишкен. Кыргыздын өз алфавити, өз мектептери болсун деп абдан аракеттенген. Алар болбосо биз ким болот элек?
04.11.2015. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга кыргызым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: