super.kg logo
  Саясат  

Жанар Акаев депутаттарга: "Ишке кирише элек жатып саат 6дан кийин иштебейбиз десек уят"

 

"Ишке кирише элек жатып саат 6дан кийин иштебейбиз десек уят". Мындай пикирин депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтты. Жыйында өкмөт курамын жана өкмөттүн программасын бекитүү каралып жаткан. Парламенттин иштөө убактысы саат 18:00дө аяктагандыктан, төрага Асылбек Жээнбеков ишти улантып кетүү үчүн депутаттардын макулдугун сурап, маселени добушка койду. Маселе эки ирет добушка коюлганы менен, депутаттардын жалпы колдоосуна ээ боло албады.

Төрага убакыт жок болгондуктан, бүгүнкү отурумда мүмкүн болушунча өкмөткө суроо жана сунуштарды берип, эртең талкууга алуу керектигин белгиледи. Ал ортодо депутат Жанар Акаев кесиптештерин саат 22:00гө чейин иштөөгө чакырды. "Шайлоо өтүп, андан бери терибиз кургай элек. Анан эми минтип саат 6дан кийин иштебейбиз дегенибиз туура эмес, саат 22:00гө чейин иштешибиз керек. Шайлоочуларга "кыйратам" деп берген убадаларыбыз кайда калат, иштейли",- деди ал. Жыйын уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: