super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш премьер-министрди жана өкмөттүн курамын бекитти

 

Жогорку Кеңеш 5-ноябрда Темир Сариевди өкмөт башчы кылып шайлады. Добуш берүүнүн жыйынтыгында анын талапкерлигине каттоодон өткөн 118 депутат "макул" деп добуш берди.
Ошондой эле депутаттар жыйында өкмөттүн иш программасынын долбоорун, өкмөттүн жаңы түзүмү менен курамын бекитти.

Өкмөттүн жаңы курамы төмөнкүдөй:

Премьер-министр – Темир Сариев

Биринчи вице-премьер-министр – Аалы Карашев

Экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр – Олег Панкратов

Социалдык блок боюнча вице-премьер-министр – Гүлмира Кудайбердиева

Маданият, маалымат жана туризм министри – Алтынбек Максүтов

Ички иштер министри – Мелис Турганбаев

Социалдык өнүгүү министри – Кудайберген Базарбаев

Транспорт жана коммуникация министри – Аргынбек Малабаев

Саламаттыкты сактоо министри – Талантбек Батыралиев

Билим берүү жана илим министри – Эльвира Сариева

Юстиция министри – Жылдыз Мамбеталиева

Каржы министри – Адылбек Касымалиев

Айыл чарба жана мелиорация министри – Турдуназир Бекбоев

Экономика жана өнөр жай министри – Арзыбек Кожошев

Тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев

Өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Боронов

УКМК менен Коргоо маселелери боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилерин сунуштоо милдети президентте болгондуктан, азырынча аталган эки кызматтын жетекчиси дайындала элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: