super.kg logo

Бишкекте “Идеялар жарманкеси” аталышында кароо-сынак өтүүдө (фото)

 

Бишкектеги Тарых музейинде “Идеялар жарманкеси” аталышында кароо-сынак өтүүдө. Уюштуруучулардын айтымдарында, иш-чара 6-ноябрга чейин уланмакчы.

"Кароо-сынактын максаты - кыргыз жергесиндеги таланттуу жаштарды инновациялык изденүүлөргө, келечекте мыкты долбоорлорду иштеп чыгууга багыттоо жана алардын интеллектуалдык чыгармачылыгынын өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү, мамлекеттин социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү үчүн жаңы идеялардын, сунуш-пикирлердин келип чыгуусуна мүмкүнчүлүк түзүү",- дешет уюштуруучулар.

"Кыргыз патенттин" алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонддун аткаруучу директору Сияпат Батырканова: “Кароо-сынакка жаш окумуштуулардын, студенттердин жана ойлоп табуучулардын жаңы иштелмелери, ойлоп табуулары, инновациялык долбоорлору коюлуп, адистер жана калыстар тобу тарабынан жеңүүчүлөр аныкталат. Учурда сынакка 134 катышуучу тартылып, 89 долбоор иштери көрсөтүлүүдө. Жеңүүчүлөр "Кыргыз патенттин" төш белгиси, Ардак баракчасы жана баалуу сыйлыктары менен сыйланат,- деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: