super.kg logo
  Спорт  

Спорт агенттиги: "Олимпиадалык резервдин республикалык окуу жайында кайра уюштуруу иштери жүрүп, талаптар күчөтүлөт"

 

Олимпиадалык резервдин республикалык окуу жайында кайра уюштуруу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Шейшенкул Бакиров бүгүн, 5-ноябрда маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, агенттик бул окуу жайды таланттуу балдардын мектебине айландырууну сунуштайт. "Болуп өткөн окуялар спорт мектебине көп өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин ачык көрсөттү. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө тарбия иштери бир топ аксап жатканына күбө болдук. Буга чейин окуу жайдын балдарынын начар бааларга окугандарына, спорттук мелдештерде ийгилик жаратпаганына көз жумуп келгенбиз. Эми кайра уюштуруу иштерин аткарып, талаптарды татаалдаштырууну пландап жатабыз. Эми жыл жыйынтыгына карап, спорт тармагында ийгилик жаратпаган тарбиялануучуларды окуудан кетиребиз",- деди Ш.Бакиров.

Кошумчалай кетсек, Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдин республикалык окуу жайы көп жылдан бери иштеп келет. Бул жылдар аралыгында окуу жай бир катар көрүнүктүү спортчуларды тарбиялап чыккан. Анда жалпысынан 10 спорт түрү (эркин күрөш, грек-рим күрөшү, кыз-келиндер күрөшү, дзюдо, оор атлетика, жеңил атлетика, бокс, футбол, гимнастика, сууда сүзүү) боюнча спортчулар тарбияланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: