Бусурманкул Табалдиев менен Икрамжан Илмиянов президенттин кеңешчиси болуп дайындалышты
Икрамжан Илмиянов.


Икрамжан Илмиянов.

Бусурманкул Табалдиев.
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-ноябрда кол койгон жарлыкка ылайык, Бусурманкул Табалдиев мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Ал буга чейин УКМКнын төрагасы болуп иштеп келген.
Башка жарлыкка ылайык, Икрамжан Илмиянов да президенттин кеңешчиси, Нуржан Шайлдабекова президенттик аппараттын башчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Буга чейин Фарид Ниязов президенттин кеңешчиси болуп иштеп келген. Ал азыркы тапта президенттик аппараттын башчысы болуп иштеп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

