super.kg logo

Ишкер: “Мамлекет ата мекендик ишкерлерге колдоо көрсөтпөсө, эртең өлкөбүз ЕАЭБдин катардагы аймагына айланат”

 
ишкер Уран Ниязалиев

“Мамлекет ата мекендик ишкерлерди бутка тургузуп көбөйтпөсө, эртең өлкөбүз Евразиялык экономикалык биримдиктин катардагы аймагына айланат",- деген пикирин 5-ноябрда тегерек столдун жүрүшүндө ишкер Уран Ниязалиев билдирди.

Анын айтымында, өлкө Евразиялык экономикалык биримдикке кирген соң, жергиликтүү ишкерлердин 15-20 пайызы гана мындан ары кантип иштөөнү өздөштүрө алат. Ал эми калгандарынын тагдыры кандай болору белгисиз.

Бизге мамлекет узак мөөнөттүү арзан насыяларды бербейт, бирок биз бири-бирибиз менен сүйлөшүп эптеп алдыга жылууга, бир нерсе курууга аракет жасасак болот. Эгер ишкерлер аны жасай алышпаса, акырындык менен биз ЕАЭБдин аймагына айланабыз. Анткени миллион мигрант Орусия менен Казакстанда иштеп, акчасын кыргыз жергесине жөнөтөт, биз болсо ал каражатты кайрадан эле ошол чет өлкөдөн келген товарларга жумшайбыз”,- деди ишкер.

Мындан тышкары ал учурда өкмөт ички инвесторлорго салкын мамиле жасаганын баса белгиледи.

“Өкмөтүбүз көбүнчө сырттан келген инвесторлорго шарт түзүп, "астыларына кызыл килем" салып берип жатат. Ал эми ата мекендик ишкерлерге шарт түзүлбөй жана көңүл бурулбай жатат. Көп жылдан бери муну айта албай жүрөбүз. Бул маселени карашыбыз жана талкуулашыбыз керек”,- дейт ишкер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.11.2015. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн туура. Бирок биздин окмот башчылар эли жонундо ойлонгон эмес, ойлоп баш ооруткусу да келбейт. Аларга кресло, мансап гана керек. ЕАЭБге биздин кызыкчылыгыбыз корголгондо гана киребиз, товарлар кымбаттабайт дешкен эле. Кайдан, кирген куну которулдуго. Дыйкандарга жакшы болот дешкен эле, кана которулгону? Бул союзга кыргызстандын кызыкчылыгы учун эмес, оздорунун кызыкчылыгы учун кошушкан. Мигрантар деле жыргап кеткен жери жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: