Жалал-Абаддагы мекемелердин көбүндө иш кагаздары орус тилинде толтурулганы аныкталды




5-октябрдан 5-декабрга чейин Жалал-Абад шаарында мамлекеттик тилдин эки айлыгы жүрүп жатат. Буга байланыштуу шаарда атайын текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы Мамлекеттик тил комиссиясынын башкы адиси Үпөл Асаналиеванын маалыматына таянып билдирди.
Маалым болгондой, бул эки айлык Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан "КРнын Мамлекеттик тил мыйзамынын" 26 жылдыгына карата жарыяланган. Рейддин жүрүшүндө шаардагы бир катар мекемелер текшерүүгө алынып, бир топ мекемелерде иш кагаздарынын баары орус тилинде жүргүзүлүп жатканы анык болду. Асаналиеванын билдиришинче, айрым ишканаларга жогорку жактан каттар орус тилинде келип жатат.
"Айрым мекемелерде орус тилдүү жарандар иштегендиктен, иш кагаздары орусча жазылууда. Андай болбош керек. Кыргыз Республикасында мамлекеттик тил баары үчүн бирдей, аны баары билиши керек. Кыргыз тили кыргыз жергесинде ар бир жарандын тили болуш керек. Мамлекеттик тилди билбегендерди шаардык мэрия окууга жөнөткөн. Аларга муктаждык менен зарылдыкты жаратпаса, кыргыз тилин үйрөнүшпөйт. Ал эми биз эки айлыктын жүрүшүн тыкыр көзөмөлгө алабыз",- дейт Асаналиева.

жазгыла дешет.орустар кырызстанда жашагандан кийин уйронсун кыргызча же биз москвага барганда орустар кыргызча суйлойбу кыргыздар бар деп
айтып чыкпадынар... Ош, Жалалабата озбек туугандар иштеткен ишканаларда " силярдин гапинарга тушунмаймиз, озбекче гапиринлер, бумаса йоколун кыргыз ишханаларига"деп озбекче суйлотуп, жаздырышат экен.
бирдей эле алып кеткенибиз
жакшы го.Мисалы эмканада
жаткан бейтаптардын диагнозун
кыргызчага которуп жазса,бир
жагынан орой же кулкулуу болуп
калат экен.Ошого кээ бир
толтуруу баракчанын орусча эле
толтурулганы жакшы.