super.kg logo

Өзбекстандыктар тарабынан кыргыз жаранынан тартылып алынган мал чек арачылар аркылуу кайтарылып берилди

 

Өзбекстандыктар тарабынан кыргыз жаранынан тартылып алынган мал Ала-Букадагы чек арачылар аркылуу кайтарылып берилди. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 5-ноябрда "Кербен" чек ара тозотуна Т.Т. аттуу жергиликтүү тургун кайрылган. Ал Аксы районуна караштуу Беш-Батман жергесинде 3 белгисиз адам күч колдонуу менен 4 ири мүйүздүү малды тартып алганын айткан.

Ошол эле күнү кыргыз чек арачылары өзбек чек арачылары менен жолугушкан. Анда Өзбекстандын жарандарынын чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана кыргыз жаранына таандык мал жандыктарын уурдоо фактысы тууралуу айтылган. Азыркы тапта өзбек чек арачылары тарабынан малды уурдагандар изделүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.11.2015. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул туштук тараптагы озбек кыргыз чек араларында коп чыр-чатак болот.Ала-Буканын озбекс.мн чек аралаш айылдарында басым жасап келишет,озбекс.чек арачылар кыргыз элине.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: