super.kg logo

"Ноокаттагы мектептен компьютерлерди уурдаган" деп шектелип үч бала кармалды, алардын бири аскерден жаңы келгени аныкталды

 

Ноокат районунда "мектептен компьютерлерди уурдаган" деген шек менен үч бала кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөр Ош шаарынын аймагынан колго түшүштү. "4-ноябрь түнү үч белгисиз адам Көк-Бел айылындагы мектептин компьютердик бөлүмүнө кирип, 2 компьютер, принтер, ксерокс аппаратын жана башка буюмдарды сыртка чыгарып, Хундай Авенте унаасына жүктөп кеткен. Жолдо унаанын майы түгөнүп баштаганда, саат 02:00дө ушул эле айылдагы май куюучу жайга барып, бычак менен коркутуу аркылуу акча тоношкон. Жалпысынан 3 миң сом алышып, унааны май менен толук толтуруп, белгисиз жакка кетишкен",- деп жазылат маалыматта.

Учурда келтирилген зыяндын көлөмү эсептелүүдө. Ноокат райондук милициясынын тергөө бөлүмү "уурдоо" жана "каракчылык" беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду.

"Ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 3 жумушсуз тургунун кармашты. Алар 1996-жылы туулган М.М., С.Ж. жана 2000-жылы туулган К.А. аттуу балдар. 19 жаштагы С.Ж. аттуу жигит аскерден жаңы келгени аныкталды. 15 жаштагы К.А. 9-класска чейин эле окуганы анык болду. Мектепте жаман окуганы жана тартип бузуулары үчүн ал окуу жайдан четтетилген",- деп билдирет милиция.

Көк-Бел айылындагы мектептен уурдалган техника Кара-Суу районунда кылмышка шектүүлөрдүн таанышынын үйүнөн табылды. Ал эми принтер ломбарддан табылды. Учурда кармалган балдар убактылуу кармоочу жайга отургузулушту. Тергөө амалдары уланууда.

Айта кетсек, аталган мектептен компьютерлерди уурдоо фактысы боюнча окурманыбыз ЭЛДИК КАБАР жөнөткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(22)
07.11.2015. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Щеноктор десе,жашабай жатып жаман иш кылышканын.Колун менен жасаганды мойнунар менен тартасынар эми.
07.11.2015. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ХХХ ХХХ ХХХ... экени ....!
Модератор admin_portal түзөттү 2015-11-09 12:56:23
09.11.2015. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sandrana - эскертүү!
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
07.11.2015. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жумушсуздук, акча жоктугунан уурулукка барды деп ойлойм. Бирок АЗСтегилерге бычак которгондору туура эмес болуптур.
07.11.2015. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Medina87, Компьютер уурдаганы туурабы анан.
07.11.2015. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Смартфон кетти.
07.11.2015. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Андайлар уялбайт бир аз абакта отуруп чыгып озунчо авторитет болуп алат анан жаш балдарды коркутуп уйронгон адат боюунча.
07.11.2015. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Medina87 акча жок болсо ууру кылыш керекпи акчасы жок болсо уйундо эле тынч олтурсун
07.11.2015. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Urmat-1989,
Уурулук кылышсын деген ойдо эмес аргасыздыктан барышты да дегенмин. Жазаланышса бычак которгону учун коп жылга камалышаары белгилуу.
07.11.2015. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
К.А атту 2000-жылы туулса 15 жашта болотко же адашып жатамбы..
07.11.2015. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bema-krao, ооба 15 жашта болот а, бешиктен бели чыкпай жатып жашоосун кара такка малганын, булардын келечеги жок, акмактар
07.11.2015. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмнеге мектептен четтетет же ушундай закон барбы тартиби, окуусу начар болсо мектептен четтетилсин деген четтеткендин ордуна тарбиялабайбы кызыктуу куржокторго тартбайбы ? админ ушул суроого министрликтен жооп алып берсенер алдын ала Рахмат.
07.11.2015. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
караса уурулар авторитет болуп атат анан уурулук кылып бизда зек болуп авторитет болобуз деп ойлошконго дейм
07.11.2015. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
bek040295,Койгулачы ай ууру бп ким эле авторитет болду кана айтчы )) кулдуросунго кудай сактай корсун андай адамдардан
07.11.2015. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мектептен четтетилген баланын апасы элдик лотореядан 8 000 000 утуп алганына коп болгон. Байдын баласы
07.11.2015. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Ош жана Жалал-Абад областарында чон масалеге айланды, парламентте талкууга койуп чечпесе уурулар кобойо берегу. Сураныч ушул маселени министирлике билдирип койгулачы Супер инфо. Алдын дала рахмат.
07.11.2015. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кезектеги смартфон ээси чыкты.
08.11.2015. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаштык кылышыптыр...
08.11.2015. 05:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уурдаганга башка жер табылбаптырбы?
08.11.2015. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой жапжаш балдар экен го ыя. Ии баса смартфондун женуучусу табылды окшойт.
08.11.2015. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Миллионер уй було экен бироосу, Белек лотореясынан ошого шугур кылып жашаса болмок.
08.11.2015. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бирден манжаларын кесип коюш керекда эстен кеткис кылып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: