super.kg logo

Баткенде көмүр өндүрүүчү ишканалар жергиликтүү бийликтин баш аламандыгынан жапа чегишүүдө

 

Баткен облусунун көмүр өндүрүүчү ишканалары бийликтин баш аламандыгынан жапа чегишүүдө. Мындай нааразычылыгы менен бүгүн, 7-ноябрда SUPER.KG порталына Сүлүктүдөгү ишканалардын биринин башкы директору Б.Көзүкулов кайрылды.

Жетекчинин айтымында, анын ишканасынын жүргүзгөн иштери мыйзамдуу жана тиешелүү мекемелердин уруксат берүүчү документтери бар. "Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигине жер казынасын пайдаланууга документтерди тапшырып, 2013-жылдын 30-декабрында лицензия алганбыз, лицензиянын мөөнөтү 2023-жылга чейин берилген.

2015-жылдын 30-июлунда Таалай Айжигитов, Глам Бабаев, Kарим Байматов, Жантемир Сагалов, Kутбидин Акимбеков аттуу жарандардан турган топ "Райимбердиев", "Жолбаев", "Узун-Сай", "Kутчу" жана биздин "Бексултан" деген ишканабызды жабыш керек деп элди үгүттөгөн, бирок эч ким аларды колдобой койгон. Айласы кетип, арызга жасалма колдорду топтоп, KРнын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын директору Таалайбек Нурбашевге ошол арыз менен кайрылышкан. 2015-жылдын 13-августунда Нурбашев жана облустун бийлигинин өкүлү Аскар Kушматов, мэриянын өкүлү Дооран Балтабаев келишип, ишканаларыбыздын экологиялык-техникалык коопсуздук абалын текшерип, бузууларды четтетүү тууралуу эскертүүнү берип, жакшы эле маанайда кетишкен.

Менин түшүнбөгөнүм: жүз киши бизди колдойт, ал эми беш киши эле каршы чыгууда. Өкмөт башчыбыз губернатор, аким, мэрлерге "ар бириңер жеке ишкерлерге шарт түзүп, кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө ондон кем эмес ишкана ачкыла" десе, 5 кишини угуп, ишканаларды жаап салуу боюнча чечим чыгаргандарга таң каласың. Айтылышы чоң кызмат болгону менен, кимиси чыныгы чоң экенин түшүнбөгөн заман. Менин кайрылуумду президентибиз Алмазбек Атамбаев, премьер-министрибиз Темир Сариев окуп, маселебизди чечип биришин суранабыз",- деп кайрылды Көзүкулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
07.11.2015. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эн кымбат баа комурго баткенде 7500сом тоннасы. Анан эл нааразы болотда. Монополия баш ийбей каалаган бааны коюп сатасынар, тажикстанга сата бербей кыргызстанды камсыздап алгыла.
07.11.2015. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтасыз мен сизге кошулам,негизинен кээ бир уйлор мыйзамсыз салынган,ошондуктан элдер каршы,мыйзамда кен байлыктар бар жерге уй салуу мумкун эмес.кээ бир адамдар акча алуу учун ызы чуу кылышат,урматтуу эл журт ишкерлерге каршылык корсотпогуло.
08.11.2015. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийликтегилер оздорунон башканы ойлошпойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: