Жаш ырчы Алмаз Шаадаевдин тушоо кесүү концертинен фоторепортаж
Бүгүн, 8-ноябрда Бишкектеги Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда жаш ырчы Алмаз Шаадаевдин алгачкы жеке концерти орун алып, кечеге келген коноктор хитке айланган жана жаңы жазылган эксклюзивдүү ырларды угушту.
Шаңдуу кол чабуулардын коштоосунда кеченин ээси жаңы жазылган “Карындаш” аттуу ырын тартуулады. Ошондой эле шоу-концерттин дагы бир өзгөчөлүгү Алмаз Шаадаев, Нурмат Садыров жана Данияр Эрматовдон турган трионун "Сахна" аттуу жаңы жазылган чыгарманы аткаруусу болду. Мындан тышкары Шаадаев өзүнүн репертуарындагы хитке айланган “Кечир мени”, “Жанымай”, “Ананайын”, “Кыргызстаным” деген ырларын ырдап берди. Кеченин ээси “Менин апакем” аттуу чыгармасын ата-энесинин алдына барып аткарганда, апасы көзүнө жаш алды.
Айта кетсек, жаш ырчыны колдоп концертке анын жакын достору, ырчылар Анжелика, Асел Кадырбекова, Нурмат Садыров, Данияр Эрматов, “Миң кыял”, “Flash point” бий топтору, ошондой эле “Х-фактор” таланттар шоусунун финалчылары жана башкалар келишти. Ал эми концертти журналист Урмат Борченов менен Айгүл Курманова кыргыз жана орус тилдеринде алып барышты.
Алмаз Шаадаев: "Алгачкы концертиме 5 миң доллар жумшадым"
9

Супер-Инфо
super.kg видео
















Алдыда чыгармачылык онугуу каалайм!
Саламатсызбы! Жакында Кинозал бөлүмүнөн көрө аласыз.
Концерт боюнча оюмду айтсам, жакшы уюштурулуптур. Продюсериң Индирага чоң рахмат!