"Бир түндө жаттаган ырды аткарып жатып жаңылып калдым" деген ырчы Кайрат Примбердиев “Главная сцена” сынагынын финалына өттү

Ырчы Кайрат Примбердиев Орусиянын "Россия-1" телеканалындагы “Главная сцена” сынагына катышып жатканын жазган элек. Ырчы сынактын ар бир тепкичинен ийгиликтүү өтүп, финалга жолдомо алды. "Финалда 1-орунду алсам, Бишкекке барып жеке концертимди берем" деген ырчы SUPER.KG порталына сынактын жүрүшү тууралуу айтып берди.
"Биринчи чейрек финалда "Стряпуха" фильминен "Я любил одну милую" деген чыгарманы ырдап, кийинки турга өттүм. Чейрек финал өтө кыйынчылык менен өттү, себеби мурдагы тандоо турунан ашыкча катышуучулар алынгандыктан, жарым финалга эки ырчынын бирин тандап жатышты. Бизде болсо үч ырчы: мен, Арсений Бородин, Малика Раззакова үчөөбүздүн арабыздан тандап калышты. Мен ырдап бүткөндөн кийин калыстар тобунун мүчөсү ырчы Елена Ваенга аябай жактырып, элдин көзүнчө "телефон номериңди бер, мен сага жакшы сунуш кылам" деди. Маликага эч бир калыс добуш берген жок. Арсений Бородинге жана мага берилген добуштар экиге бөлүнүп, жарым финалга экөөбүздү тең алышты",- деген Кайрат Примбердиев.
Ырчы билдиргендей, жарым финалда Александр Зацепиндин бенефиси орун алган. А.Зацепин - режиссёр Леонид Гайдайдын Советтер Союзу учурунда тартылган легендарлуу комедияларына саундтректерди жазган композитор. Ал " Есть только миг", "Песенка про медведей", "Куда уходит детство?", "А нам всё равно" сыяктуу көптөгөн ырлардын автору.
"Калыстар тобунда Александр Зацепин өзү отурду. Мен "Куда уходит детство?" аттуу чыгарманы даярдап жаткам. Көрсө, Арсений Бородин дагы ушул ырды аткарам деп жаткан экен. Бир түндө "Есть только миг" деген ырды жаттоого туура келип, ырдап жатканда кичине жаңылып кеттим. Калыс болуп отурган ырчы Валерий Леонтьев "жок" дегенде мен кырдаалды түшүндүрдүм. Алып баруучу Эрнест Мацкявичюс буга чейин даярдаган ырды ырдашымды суранып, анан гана финалга алышты",- деп билдирген ырчы.
Финалга жолдомо маңдай тер менен келгенин кошумчалаган Кайрат Примбердиев финалда кайрадан "Я любил одну милую" аттуу чыгарманы ырдаарын айтат. Финал Мамлекеттик Кремль сарайында 21-декабрда болот.
Ырчынын чейрек финалдагы өнөр тартуулоосун 12-декабрда "Россия HD" телеканалынан көрсөттү.
кошулду
Кайрат Примбердиев "Главная сценада" - Я любил одну милую
Кайрат Примбердиев - Есть только миг (Главная сцена. Жарым финал)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
8

Бирок, эмне учун мурдагы жанылыкты кайра кайра бересинер???
Мына сага деп поэзд журуп баратты келтирип сал да.
Детство деген ырды да ырдаган болчу ошону да жуктоп койунуздарчы