super.kg logo

Жылнаама, 10-ноябрь: Мындан 71 жыл мурун өлкөбүздүн туңгуч президенти Аскар Акаев туулган

 

* Мындан 71 жыл мурун, 1944-жылы өлкөбүздүн туңгуч президенти, академик Аскар Акаев Чүй облусундагы Кемин районунун Кызыл-Байрак айылында туулган.
1968-жылы Ленинграддагы Так механика жана оптика институтун бүтүп, аспирантурага тапшырган. 1980-жылы Москва инженер-физика институтунда докторлук диссертациясын жактаган. 1984-жылы Кыргыз илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланып, ошол эле жылы Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын академиги болгон.
Аскар Акаев - профессор, Орусиянын Илимдер академиясынын ардактуу доктору жана чет өлкөлүк мүчөсү. Ал 7 ойлоп табуунун, 43 макаланын, 150 чамалуу илимий иштердин ээси. 20 илимдин кандидатын жана 3 илимдин докторун даярдаган.
Аскар Акаев 1990-жылы 27-октябрда Кыргыз ССРинин Президенти болуп шайланган. Ал эми 1991-жылы октябрь айында (шайлоо учурунда) жана 1994-жылы (референдумда) президенттик укуктары ырасталган. 1995-жылы 24-декабрда президенттин экинчи мөөнөтүнө шайланып, 2005-жылы 24-мартта элдик толкундоолор ыңкылапка өсүп жетип, анын натыйжасында ал өлкөдөн чыгып кеткен. Ал эми 2005-жылы 5-апрелде өзүнүн президенттик кызматтан кеткени тууралуу расмий арыз жазган.

* Мындан 96 жыл мурун, 1919-жылы советтик жана орусиялык курал жасоочу конструктор Михаил Калашников Орусиянын Алтай аймагынын Курья айылында туулган.
1949-жылы АК-47 деген ат менен 7,62 мм калибрдеги Калашников автоматы куралдар арсеналына кабыл алынган.
Легендарлуу курал конструктору Михаил Калашников 2013-жылы 23-декабрда 94 жаш курагында каза тапкан. Маалыматка ылайык, 17-ноябрда ал ашказандагы кан агуу диагнозу менен госпиталга жаткан.

* Мындан 40 жыл мурун, 1975-жылы орусиялык журналист, телеалпаруучу, продюсер Тина Канделаки Грузиянын Тбилиси шаарында туулган. Толук аты-жөнү – Тинатин (Тина) Гивиевна Канделаки.
Тина Канделаки 2006-жылы “ТЭФИ” сыйлыгынын "Мыкты ток-шоу алып баруучу", 2006-жылы мода жана стиль тармагындагы белгилүү "Астра" сыйлыгынын "Эң стилдүү телеалпаруучу" наамына татыган. Ал 2007-жылы “Атасынын кыздары” (“Папины дочки”) сериалында роль жараткан.

* Мындан 19 жыл мурун, 1996-жылы Милиция күнүндө Москванын Котляков көрүстөнүндөгү жарылуудан 14 киши каза болуп, ондогон кишилер ар кандай жаракат алышкан. Кылмыштын айыпкери да, каза болгондор да Ооган согушунун ардагерлери болушкан.

10-ноябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
09.11.2015. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Президентибиз аман болсун,өмүрү узууун болсун,Кыргызымдын сыймыгы!
09.11.2015. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыргыздын тарыхында тунгуч президентибиздин аты туболукко калганын эч кимибиз тана албайбыз. Мен муну менен Акаевди актап отурган жокмун. Неси болсо да Акаев агабыз дагы Кудайым берген жашын жашасын.
09.11.2015. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Туура эч ким танбайт бирок Кыргызстанды жоготуп жиберейин деп калган эле.Бакиев келип бир аз онолуп баштаган болчу,азыр болсо артка кетти же ошол бойдон!!
09.11.2015. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Umar080814, Бакиевди мактасан окшобой калды. Акаев 15 жылда алгандан коп алып койду 5жылда. Ошон учун Белоруссияда зангыраган там салып, каалашынча китеп десе китеп чыгарып, баласынын алганын санап буто албайбыз....
09.11.2015. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
AIZAD, Акаевдин уурдаган байлыгын уккан эмес белен?тонналаган алтындарын.Ал эми АШАнын уурдаган байлыгын кызматтан кеткенден кийин билинет.АША Акаев мн Бакиевден да ашып тушотго.
09.11.2015. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ак эмгек, ташка чегилген тамга. Ал туболук кала берет.
09.11.2015. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз мамлекетинин эн корунуктуу президенти эле.Акаев илимдуу билимдуу киши эле.Саясат деген сасык нерсе экен Акаев менен Бакиев мырзаларды жаман аттуу кылып кууп жиберишти.Тарых баарын оз оз ордуна коёт,ошондо азыркы бийликтин абийрин айрандай тогулгон кун да келет.Мен Акаевге да Бакиевге да жакындыгым жок,проста чындыкты айтыш керек да.
09.11.2015. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Омурунуз узун болсун! Чынында биздин мыйзамдуу президентибиз болчу! Андан кийинкилерди президент катары эсептей албайм. Биринин аркасынан экинчиси жамандашып... Чыны Акаев гана жакшы иштерди жасагандыгы эми айкын болуп калды. Ушу инсандын программаларын ишке ашыруу менен эле алек. Жаны ой жок осуу жок!
10.11.2015. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коп жашасын ылайым.Ушул адамды саясат бузду,президент болбогондо Улуу окумуштуу болмок,бир ачылыш ачмак,негизи кыйын физик.Жакшы жаман иштерине Аллахтын алдында озу жооп берет.

10.11.2015. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекетти тоногондордун башында Акаев озу болгон ош-Бишкек жолунан 50см.Акевдин сол чонтогуно тушкон деп айтылып журот.Бул дагы миллиондор.жакшы иштесе урмат сыйдын устундо журмок элинде.
10.11.2015. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Das15, темадан алыс билдирүүңүз өчүрүлдү. Эскертүү!
10.11.2015. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшы адам эч качан оз жеринен куулбайт. Бир жамандыгы бар ошого аллахым аларды жазалады
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: