super.kg logo

Ош облусунда көмүр казууга баргандарды топурак басып калып, 3 адам каза болду. Алардын экөөсү мектеп окуучулары (аты-жөнү)

 

Ош облусунда көмүр казууга баргандарды топурак басып калды. Кырсыктан 3 адам каза болуп, 4 адам жаракат алды. Бул тууралуу 10-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 5-ноябрда саат 12:00 чамасында Кара-Суу районундагы Папан айыл аймагынын Кожокелен айылында болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, балдар Ы.Исмаиловго таандык "Кайнар” көмүр кенине барышкан. Көмүр казып жаткан учурда борпоң топурак көчүп түшкөн. Анын кесепетинен 3 адам топурактын астында калып каза болгон.
Каза болгондор:
1. 1993-жылы туулган Абдижалил уулу Шерибек;
2. 2002-жылы туулган Таалай уулу Сыймык (Султан Ибраимов атындагы орто мектебинин 6-классынын окуучусу);
3. 2000-жылы туулган Муратбек уулу Мухидин (Султан Ибраимов атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу).

Жабыркагандар:
1. 1998-жылы туулган Маматсабыр уулу Куралбек;
2. 1998-жылы туулган Мамасали уулу Махмуд;
3. 2002-жылы туулган Эрмамат уулу Айтмамат;
4. 1988-жылы туулган Камил Акзамов.
"Топурак басып каза болгондордун сөөктөрүн жергиликтүү тургундар чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен. ӨКМ жарандарды өз алдынча көмүр казбоого, өспүрүмдөрдү кароосуз калтырбоого, тиешелүү кызматтардын уруксатысыз көмүр кендерине кирбөөгө чакырат",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
10.11.2015. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Кыш келип калды, комур кымбат, ата-энеси же кийимине жеткире албай же тамак-ашына жеткире албай жургонун коргон байкуш балдар жок дегенде комурду озубуз табайлы дешкен экенда... ((( Жаткан жеринер жайлуу, топурагынар торкоо болсун... Ата-эне, бир туугандарына конул айтам, сабыр кылгыла.
10.11.2015. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Байкуш жаш балдар.Жаткан жерлери жайлуу болсун.Баары келип акча жоктукка такалат да.Эмесе ата энелери балдарын иштетпей эле,даярын сатып алып жагып отурушбайт беле.Аттиң .
10.11.2015. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аттин дуйно окунучтуу,жаткан жерлери жайлуу болсун.
10.11.2015. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаткан жерлери жайлуу болсун
Абдан окунучтуу.((жакындарына сабыр берсин
10.11.2015. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Байкуш бобокторум!!! ((( Аллах бизге сабак кылып омурунорду ушинтип алган экен... Жайынар жаннаттан болсун! Ата-эненерге Кудай сабр берсин!!!
10.11.2015. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эх! Туугандарым. Балалыгын жашай албай кетиптир. Жараткан аларды өз мээримине, ырайымына алсын. Жакындарына терең сабыр берсин. Балдар ыйлабасынчы!!!
10.11.2015. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуу,жаткан жери жайлуу болсун.Ата-эне,жакындары сабыр кылыныздар.
11.11.2015. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан дери жайлуу болсун ата энесине терен кайгыруу менен конул айтам сабыр кылыныздар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: