super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Кыргыз-кытай чек арасында оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары жол тоскону жатышат

 

Кыргыз-кытай чек арасында оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын текшерүүчүлөр кыйнап жатышат. Бул тууралуу 10-ноябрда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

"КамАЗда жүгүбүз аз, салмагы нормадан ашпайт. Унаанын салмагын кошкондо 38 тонна менен өтсөк болот, азыркы салмак 36 тонна. Текшергенде машинанын бир "мостунан" жүк нормадан 500 килограммга оор болуп жатканын айтышып, айып пул төлөгүлө деп жатышат. Жалпы жүк нормадан ашпаса, октуу (осевой) жүк ташуучу унаа деп жүктү "мост" аркылуу ченеп бизди кыйнай беришет. 78 тонна менен өтсө да фирманын КамАЗдарына "осевой" деген нерсе жок, жеке менчиктерге бар. Эмне үчүн Транспорт министрлиги эки башка мамиле жасайт? Карапайым айдоочулар жол тосууга даярданып жатышат",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
10.11.2015. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Оздорунун жолун оздору тособу?кызык, башкача жол менен чечсе деле болсо керек тийиштуу мекемелерге кайрылып дегендей.Менимче тоскондо пайда жок оздоруно эле зыян,ал эле эмес башкаларга да зыяны тийиши мумкун. Бир жылы жол тоскондордун айынан бир кыз каза болбоду беле
Abdurahman түзөттү 2015-11-10 14:32:10
10.11.2015. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdurahman, кээ бир учурларда акылсыз кадамдарга барбасаң, анча мынча маселе чечилбейт. Мүмкүн мындай ыкма менен маселе чечилип калат. Эң негизгиси карапайым элге зыянын тийгизбей тосо беришсин, фирманын камаздарын өткөрбөй.
10.11.2015. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Антишпесе эч ким укпайт закон барына бирдей болуш керек фирманын машинасы иштей берет жеке ишерлер штраф толой берет жакшыбы ошентсе
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: