Ошто наристелерин бейтааныш адамга таштап, Орусияга кетип калган айым мекенине кайтып келе элек



Ош шаарында эки наристесин бейтааныш бала багуучуга таштап, Орусияга кетип калган айым мекенине кайтып келе элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына коомдук ишмер Куттубек Абдуллаев билдирди.
Анын айтымында, Ош шаарындагы Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборуна жайгаштырылган 4 жашар Рамазанга жана 3 жашар Каныкейге ысык тамак-аш берилүүдө, алардын жашаган шарттары жакшы, бөлмөлөрү жылуу. "Алардын апасы туугандарына жакын арада келерин айтты",- деди Абдуллаев.
Айта кетсек, буга чейин айым 25-октябрдан 1-ноябрга чейин келерин айткан. Бул убакыт аралыгында келе албагандыгынан улам Орусиядагы жумушунан эмгек акысын алары менен Ошко кайтып келерин убадалаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Гүлдөгөн бир гүлбакка
окшогунуң.
Сен эми Эне болдуң,
коркпогунуң!
Иштегин,
иштебесең көп жүр мейлиң,
Балаңды базар кылып,
төккүн мээриң,
Атасыз өстүрсөң да,
апасыз өстүрбөгүн.
Атасыз кайдан жакшы?..
А бирок төрөгөн оң,
төрөбөй калганчакты.
Балаңды жакшылап бак,
жалбырагын төгүлтөт
терек күздө,
Жакшы балдар көбүрөөк
керек бизге!..
Балдарын таштап кеткенди тушунуп турам,акча зар болду бирок мынчалык кылбаш керек эле,тууган уругу куруп калыппы?
Бул да болсо жаратканым сыноосудур,бизгеда ширин балдарды бере корсун.