Сот жыйыны: Нарымбаевди 12 жыл 6 айга, Коркмазовду 12 жылга түрмөгө отургузуу суралды




Бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун соттук ишин кароо уланууда.
Соттук отурумда жарыш сөз башталды. Прокурорлор айыпталуучулардын күнөөсүн далилдөөчү фактыларды хронологиялык тартипте окуп беришти. Андан соң алар Д.Нарымбаевди мүлкүн конфискациялоо менен 12 жыл 6 айга эркинен ажыратууну, Х.Коркмазовду 12 жылга эркинен ажыратууну, милициянын генерал-майору наамын алып салууну жана мүлкүн конфискациялоону суранышты.
Эскерте кетсек, Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган. Прокуратура жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгында Данияр Нарымбаевге “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, ал эми Хажимурат Коркмазовго “пара алуу” беренеси боюнча айып тагылган.

