Бишкекте жакында кошумча үч троллейбустук каттам ачылышы мүмкүн
Бишкекте жакында кошумча үч троллейбустук каттам ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаардык кеңешинин Бюджет жана каржы боюнча комиссиясынын жыйынында вице-мэр Геннадий Милицкий билдирди. Анын айтымында, жаңы каттамдар Асанбай, цирк, Аламүдүн-1, Батыш автобекети аркылуу өтүшү мүмкүн.
“Жогорку чыңалуудагы кошумча 48-50 троллейбусту алуу үчүн бизге Европа өнүктүрүү банкы 7,9 миллион евро бергени турат. Анын 5 миллиону насыя, ал эми 2,9 миллиону грант түрүндө берилет. Бул каражаттар эки транш менен келери белгиленген”,- деди Милицкий.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-11-07
12:13
2025-11-07
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















же ал акчалар Түлеев сыяктуулар, сары автобус алып, калганын чөнтөккө салып жатабы?