super.kg logo
  Саясат  

Адвокат: "Нарымбаевдин жардамчысы ага 50 миң долларды ички кийимдин ичине жашырып алып келиши мүмкүн эмес"

 
Нарымбаевдин адвокаты Михаил Зауман

Бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун соттук ишин кароо уланууда.

Жарыш сөздө прокурорлор Д.Нарымбаевди мүлкүн конфискациялоо менен 12 жыл 6 айга эркинен ажыратууну, Х.Коркмазовду 12 жылга эркинен ажыратууну, милициянын генерал-майору наамын алып салууну жана мүлкүн конфискациялоону суранышты.

Адвокат Михаил Зауман Нарымбаевге тагылган күнөөлөр чындыкка дал келбегенин айтты. "Тергөөчүлөр Ольга Плотникова анын кабинетине 50 миң долларды алып келгенин билдиришүүдө. Ошол күндөгү Ак үйдөгү видеожазууларда Плотникова Нарымбаевдин кабинетине колунда эч нерсеси жок келгени көрүнөт. 50 миң доллар суммасындагы каражат - бул бир топ 100 долларлык акча. Плотникова бул акчанын баарын юбканын же ички кийимдин ичине катып алып келеби? Биз мындай варианттарды да жасап көрдүк, бирок мүмкүн эмес экени аныкталды",- деди Нарымбаевдин адвокаты.

Эскерте кетсек, Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган. Прокуратура жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгында Данияр Нарымбаевге “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, ал эми Хажимурат Коркмазовго “пара алуу” беренеси боюнча айып тагылган.






Нарымбаевдин адвокаты сотко жасалма 100 долларлык купюраларды алып келди 10.11.15

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: