Ош мэриясы: "Салиева көчөсүндөгү үйлөргө 11-ноябрдан тартып суу бериле баштайт"

SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдө суу түтүктөрү жарылып, ичүүчү суу токтоп калганын кабарлаган эле.
Бул боюнча Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын өкүлү Сүйөрбек Аманов: "Салиева көчөсүндө жайгашкан №3 жана "№5-көп кабаттуу үйлөргө таза суу жеткирүүчү суу түтүктөрү үйдүн ичинен жараксыз абалга келип калган. Аны алмаштыруу үчүн жашоочулар өздөрү акча каражатын чогултуп бериши керек болгон. Белгиленген суммадагы акча каражаты толук чогултулбай жаткандыктан, иш токтоп турган. Ага карабастан Ош шаарынын мэриясы өз эсебинен суу чыгарып берүү аракетин көрүп жатат. Азыркы учурда оңдоп-түзөө иштери бүтүп калды. Суу толугу менен 11-ноябрдан тарта бериле баштайт",- деп билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Gulya21

10.11.2015. 16:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге жашоочулар оздору акча топтоп бериш кк бул окмоттун иши окмот карап ондоп тузоп бериш керек ичип жеп эле жата бербей
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.