Бишкек шаардык кеңешинин бюджет боюнча комиссиясы шаарга 50 троллейбус алуу үчүн 7,9 миллион евро насыя алуу сунушунан баш тартты
Бишкек шаардык кеңешинин бюджет боюнча комиссиясы шаарга 50 троллейбус алуу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 7,9 миллион евро насыя алуу сунушунан баш тартты. Мындай чечим бүгүн, 10-ноябрда аталган комиссиянын жыйынында кабыл алынды. Комиссия мүчөлөрүнүн айтымында, мэриянын карызы учурда 2 миллиард сомдон ашат. Буга байланыштуу кошумча насыя алууга мыйзам жол бербейт. Экинчиден, кошумча троллейбустарды алып келүү жол кире баасынын төмөндөшүнө шарт түзбөйт. Үчүнчүдөн, маршруттук таксилерди азайтпайт. Мындан улам 10 депутаттан турган комиссия тийиштүү токтом долбоорун колдоодон баш тартты.
Айта кетсек, борбор шаарга жаңы троллейбустарды алуу үчүн карыз алуу маселеси эми Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында каралат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(5)
_adil_

10.11.2015. 17:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Албайле койгула,аныда ичип жеп жок кыласынар.Китайдан алып келген автобусунарды кордукко. Канча акча ортодон жоголгонун.
Akyikatbala

10.11.2015. 20:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
акчалар эле жоголбостон иштебей турган автобустар канча
nur0077

10.11.2015. 22:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин мам.чиновниктер алкымы менен тажатты.Карыздарыбыз чебере-кыбырага чейин жетет.Чиновник,депутаттар оло тажатты,Эл учун иштебей.Олкобуздун абалына мышык ыйлайт.Ажобуз,премьер-министр,Спикер,сопровождениеси менен эле канча расходдойт!Эл башчылар мээнер менен ойлонгула!!!чебере-кыбыралар силерди кечирбейт!!!
dav312

10.11.2015. 23:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
шаар бийлигинин шаарга троллейбус жана автобустарды кана жургузобуз деп аракет кылганы кичине эртелик кылат себеби минтип карызыбыз баштан ашып турса кайра ага 2 жселеп карыска алганыбыз туура эмес биз минте турган болсок бир топ чыгым тартабыз ошондуктан бул ишти киинки 7 чакырылыштын депутаттарынын тушуна жылдыруубуз кк ага чейин коомдук тарнспорторго маршуркалар журо бергени туура
besh-sary

11.11.2015. 09:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул тралебустарды баарын алып салган жакшы. Анын ордуна салярка менен журо турган чон автобуз алган жакшы. Шаарда коруп эле журобузго свет кээде очуп калт журуп баратып токтоп калат унаа тыгыныт пайда болтат. Же жанагы зымынан чыгып кетет.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.