super.kg logo
  Спорт  

SUPER.KG`нин божомолу: Австралияга каршы ойнобой турган көрүнүктүү футболчуларды Кайрат Жыргалбек уулу, Тамерлан Козубаев жана Ильдар Амиров алмаштырат

 

12-ноябрда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда кыргыз футболчулары конокто Австралия менен ойнойт. Тилекке каршы, бул беттешке улуттук курам эң күчтүү курам менен бара албай калды. Себеби башкы курамдын оюнчулары Антон Землянухин, Мирлан Мурзаев жана Дениэл Тего Австралияга барбай калышты. Бул көрүнүш көпчүлүктү түйшөлтүп, талкуулар кызып турган чак. Машыктыруучу Александр Крестинин борбордук коргонууда жана чабуулда оюнчу алмаштырууну иш жүзүндө аткарып көргөн, бирок бардык оюнда башкы курамга чыккан Антон Землянухиндин ордун кантип толуктай турганы чоң суроо бойдон калууда.

SUPER.KG порталы Австралия менен болчу маанилүү оюн алдында 3 упайдан үмүт үзбөөгө чакырып, кайсы оюнчулар жогорудагы 3 футболчунун ордуна башкы курамга чыгарын божомолдомокчу.
Биздин болжол боюнча, машыктыруучу оюнга 4 коргоочу, 4 жарым коргоочу жана 2 чабуулчу менен чыгат (төмөнкү болжол ушундай жайгашкан курамга ылайыкташты). Оюнчулардын мындай жайгашуусу коргонууга жетиштүү көңүл бурууга жардам берет. Мурунку оюндардагыдай 4 коргоочу, 3 жарым коргоочу жана 3 чабуулчу менен майданга чыгууда бир топ түйшүк алып келет, себеби курам толук эмес жана Австралия атаандаштын ар бир катасында жазалаганга көнгөн команда.

* ДЕНИЭЛ ТЕГО

Амплуасы: Борбордук коргоочу

Алгач Австралияга жөнөгөн курамдагы коргоочуларга көз салып көрөлү... Курамда 6 коргоочу бар. Алар: Талант Самсалиев, Тамирлан Козубаев, Курсанбек Шератов, Валерий Кичин, Виктор Майер, Азамат Байматов. Алардын ичинен үчөө башкы курамда туруктуу ойноп келген футболчулар: Виктор Майер оң капталда, Валерий Кичин сол капталда, Азамат Байматов борбордук коргонууда. Ошондо Тегону алмаштырганга Козубаев, Самсалиев жана Шератов сыяктуу 3 оюнчу калды. Биз бул оюнчулардын ичинен башкы курамга Тамерлан Козубаевдин чыгуусун божомолдойбуз, себеби ал октябрда жаракат алган Тегону Бангладеш менен болгон оюнда алмаштырган. Олимпиадалык кураманын капитаны Козубаев ошондо машыктыруучунун ишеничин актап, 90 мүнөт татыктуу ойноп берген десек болот.

Ким алмаштырат? Тамерлан Козубаев


* АНТОН ЗЕМЛЯНУХИН

Апплуасы: Жарым коргоочу

Антон Землянуихндин чабуулдарды майдандын сол капталында өнүктүрүүдөгү чеберчилиги жана анын оюндун ылдамдыгына кошкон салымы зор. Андыктан анын ордун толуктоодо машыктыруучу бир топ түйшүк тартары анык. Антсе да жалаң мыкты футболчулардан түзүлгөн курамда анын жоктугун атаандашка байкатпай турган оюнчулар бар. Кенгурулар өлкөсүнө аттанган оюнчулардын ичинен башкы курамда ойной элек Турсунали Рустамов, Азиз Сыдыков, Кайрат Жыргалбек уулу, Ислам Шамшиев сыяктуу жарым коргоочулар бар. Азиз Сыдыков менен Ислам Шамшиевдин майдандын ортоңку бөлүгүндө ойногонун эске алсак, бул орунга Жыргалбек уулу менен Рустамовдун гана талапкерлиги каралат. Оюндун ылдамдыгын сактап калуу үчүн Крестинин бул орунга Кайрат Жыргалбек уулун туура көрөт деген жыйынтыкка келдик. Кайрат улуттук курамга кирбей калган соң аракетин күчөтүп, "Дордойдун" курамында оюнун бир топ жакшыртканы байкалган.

Ким алмаштырат? Кайрат Жыргалбек уулу

* МИРЛАН МУРЗАЕВ

Амплуасы: Чабуулчу

Эгер машыктыруучу 2 чабуулчуну майданга чыгара турган болсо, анын бири Виталий Люкс болот. Ал эми экинчи чабуулчу катары Ильдар Амиров менен Иван Филатов экөөнүн бири тандалат. Түркиянын “Туранспор” клубунда ойноп келген Ильдар Амиров Бангладеш менен болгон оюнда гол жаратып, бир топ упай чогулткан. Ошол себептүү бул орунга анын талапкерлиги жактырылат деген жыйынтык чыгара алабыз. Бишкектик "Алга" клубунда ойногон Иван Филатов өлкө чемпиондугунда "Дордойдун" дарбазасына 2 гол жаратып, улуттук курамга чакыруу алган. Аны машыктыруучу кошумча күч катары пайдаланышы мүмкүн.

Ким алмаштырат? Ильдар Амиров






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
11.11.2015. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биздин курама команда жеңет. 1-2.
11.11.2015. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура эле менимче! Анан мен оз оюмду айтайын десем бирда оюнчубуздун ойногондорун теледен коро алган жокмун. Бирок мен ишенем кимиси тушсода болгон кучу менен ойнойт алга жигиттер!
11.11.2015. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менимче да туура еле божомолдопсуздар, бирок бизге 1 еле чабуулчу болсо болот кобуроок коргонууну кучотуш керек. эн жакшы чабуул бул коргонуу дейт футболдо,
11.11.2015. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aduk_aksuu, Андай эмес эн жакшы коргонуу бул чабуул дейт. Алга Кыргызстан
11.11.2015. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ото кызык неге эн кучтуулор чыкбай калды деньги деньги решать болуп жатбайбы.
11.11.2015. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эмнеге Алай клубуна ойунчулар жок? жакшы ойногондор барго
11.11.2015. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nazar.arapbaev, машыктыруучу кеңейтилген курамды жарыялаганда бар болчу "Алайдын" футболчулары. Машыгуу сборунан кийин алар кыскартылган курамга кирбей калган
11.11.2015. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиги барбай калган үчөөнө Австралия виза бербей койду деген чынбы, Максат Кудайбердиев?
11.11.2015. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oi_pikir, Ошондой да болушу мумкунбу...? Футбол, кимди гана эмне кылбайт э?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: