super.kg logo

Жылнаама, 11-ноябрь: Мындан 64 жыл мурун феноменалдуу эске тутуу жөндөмүнө ээ америкалык Ким Пик туулган

 

* Мындан 30 жыл мурун, 1985-жылы бильярдчы Каныбек Сагынбаев Бишкек шаарында туулган.
КРнын Эмгек сиңирген спорт чебери, КРнын Эл аралык спорт чебери, Дүйнөнүн үч жолку чемпиону, КРнын көп жолку чемпиону, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, Евразия чемпиондугунун төрт жолку жеңүүчүсү, Пальмир Кубогунун эки жолку күмүш, коло байге ээси жана башка көптөгөн байгелердин ээси Каныбек Сагынбаев бильярд менен 8 жашынан тартып машыга баштап, 13 жашында КРнын чемпиону аталган. Ал КУУнун экономика факультетин бүтүргөн.

* Мындан 64 жыл мурун, 1951-жылы Савант синдрому менен ооруган, феноменалдуу эске тутуу жөндөмүнө ээ америкалык Ким Пик АКШнын Солт-Лейк-Сити шаарында төрөлгөн. Окуган маалыматынын 98 пайызын эсинде сактап калгандыктан,
"Ким-пьютер" деген лакап атка ээ болгон.
Ким Пик төрөлгөндөн 16 ай өткөндө окуганды үйрөнүп, көп убактысын окуу менен өткөргөн. 3 жашында гезиттерди калтырбай окуп, 7 жашында Библияны жатка билген. Ким Пик китеп окуунун өзгөчө техникасын ойлоп таап, китептин эки бетин окуганга 8-10 секунда гана сарптаган. Ал өмүрүнүн аягында эсине 12 миңге жакын китептин мазмунун сактаган.
Ким Пик 2009-жылы 19-декабрда 58 жаш курагында Солт-Лейк-Сити шаарындагы госпиталда жүрөк оорусунан улам каза болгон.

* Мындан 53 жыл мурун, 1962-жылы америкалык актриса Деми Мур АКШнын Нью-Мексико штатындагы Розуэлл шаарында туулган.
Деми Мур алгачкы ролун 1982-1983-жылдары "Главный госпиталь" сериалында ойногон. Андан соң "Огни святого Эльма", "Во всём виноват Рио", "По поводу того, что случилось вчера ночью…" сыяктуу жаштарга арналган тасмаларда роль жараткан. 1988-жылы "Седьмое знамение" киносунда эң алгачкы башкы ролун аткарган. Ал эми "Привидение", "Несколько хороших парней", "Непристойное предложение", "Разоблачение", "Стриптиз" тасмаларындагы ролдорунан соң Деми Мур Голливуддагы 10 миллион доллар алган алгачкы актриса болгон. 1997-жылы "Если бы стены могли говорить" фильмине тартылып, ал ролу актрисага "Алтын глобус" сыйлыгын алып келген.

* Мындан 41 жыл мурун, 1974-жылы "Оскар" сыйлыгынын беш, BAFTA сыйлыгынын үч жолку номинанты, "Алтын глобустун" эки жолку ээси, америкалык актёр Леонардо Вильгельм Ди Каприо Лос-Анжелесте туулган.
Лео 15 жашында ошол кездеги эң белгилүү "Лесси" сериалында эпизоддук ролдо ойногон. Ошентип, Ди Каприонун карьерасы күндөн-күнгө өсүп, 1991-жылы экранда анын катышуусу менен "Зубастики-3" деген аталыштагы биринчи чоң кино пайда болгон. 1993-жылы швед режиссёру Ласс Халстром Ди Каприону "Что гложет Гилберта Грэйпа?" деген фильмине тарткан. Жарым акыл өспүрүмдүн ролун жогорку чеберчиликте аткаргандыгы үчүн ал алгачкы жолу "Оскар" жана "Алтын глобус" сыйлыктарына көрсөтүлгөн. Анда Лео 19 жашта гана болгон. Андан соң "Ромео + Джульетта", "Дневники баскетболиста", "Титаник", "Пляж", "Банды Нью-Йорка", "Поймай меня, если сможешь", "Авиатор", "Отступники", "Остров проклятых", "Начало, "Великий Гэтсби", "Джанго освобождённый", "Волк с Уолл-стрит" тасмаларына тартылып, атактуулугун арттырган.

11-ноябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
10.11.2015. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Вундеркинддерге укмуш кызыгам да. Ушу вундеркинддер ж.до макала жазбайсынарбы
11.11.2015. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bermet_Kasymova, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
11.11.2015. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Деми Мур жагат мага.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: