Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталды
Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматына таянсак, өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу 11-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Сокулук районунун Шопоков шаарындагы №1-мектептин жанында трансформатор ТП-1635 электр жабдууларын пайдаланууда техникалык эреженин бузулушунан толугу менен күйгөн. Ошондой эле Базар-Коргон районунда Тико үлгүсүндөгү автоунаанын ички салону да электр жабдууларын пайдаланууда техникалык эреженин бузулушунан өрттөнгөн. Ал эми Жумгал районунун Чаек айылындагы Мидин Алыбаев атындагы мектебинде 260 тонна көмүр түтөгөн. Өрт өчүрүүчүлөр көмүрдү ташып, жайышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.